Глиссандо

Википедия дан

Глиссандо (франц. glisser сыйгалануу) - кылдуу, клавишалуу музыкалык аспаптарды өзгөчө жеңил жана өтө тез, манжаларды сыдыра сыйгалантып ойноо ыкмасы.

Алсак арфанын, скрипканын кылдарын фортепьянонун клавишаларын өтө ыкчам манжалар жүгүртүлүп аткарылат.

Кыргыз комузчуларынын чыгармачылыктарында Глиссандода ойноо күчтүү өнүккөн. Мис., Ныязаалы, Токтогул, Атай ж. б. Глиссандону алып чертишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.