Глицериддер

Википедия дан

Глицериддер (ацилглицериддер) – глицерин жана орг. же минералдык к-талар татаал эфирлери. Мол-сындагы к-талык калдык санына жараша моно- (1), ди (2 жана 3) жана триглицериддер (V) болуп бөлүнөт.

a b a

RCОOCH2CHOHCH2OH (1)

RCОOCH2CHOHCH2OОCR (2)

RCОOCH2CHOОCR CH2OH (3)

RCОOCH2CHОOСR CH2OОCR (4)

Г. гидролиз учурунда b-абалдагы көмүртек атомунун к-талык калдыгы самындашат; бул a,b- диглицериддерден a-моноглицеридди жана триглицеридди a,a - диглицеридди алууга мүмкүндүк берет. Г. к-талык калдыктары к-талар катышуусунда мол. ичиндеги жана мол. аралык миграцияларга учурайт. Мис., b-моноглицерид жана a, b-диглицериддер. a,a-Көмүртек атомунда к-та калдыгы бар моно жана диглицериддерге кайра жеңил топтолушат. Глицеринди этерификациялоо менен Г. алууда к-та калдыктары биринчи экинчилик көмүртек атомуна, андан кийин гана үчүнчүлүк көмүртек атомуна кошулушат. С4-С18 кармаган карбон к-тасынын триглицеридди өсүмдүктөр жана жаныбар майларынын курамдык бөлүгү болуп саналат. Моноглицерид триглицерид менен глицерин аракеттенишүүсүнөн алынат (пайда болгон продуктулар ди жана триглицериддер аралашмасынан турат):

C3H8O3

RCОOCH2CHOОCRCH2OОCR →2CH2OHCHOHCH2OОCOR

C2-C4 карбон к-талары триглицериддин, мис. триацетин, трипропионин, трибутирин тиешелүү к-талар глицерин менен аракеттенишүүсүнөн алынат. Глицерин к-танын 1:1, 1:2 катышында тиешелүү моно жана дитуундулар пайда болот. Г. ошондой эле глицерин хлоргидриди менен карбон к-таларынын туздары (щелочтуу металлдар) аракеттенишүүсүнөн да алынат. Орг. эмес к-талар Г. азот к-тасы триглицериди-нитроглицерин чоң мааниге ээ. Г. косметикада, дары дармектерди жасоодо, текстиль, кагаз өнөр жайларда глицерин жана карбон к-таларын алууда колдонулат. Г. кагаз, булалар жылмалоочу каражаттар курамына кирет, ири мол-лык массалуу карбон к-таларын жана самын алууда сырьё болуп саналат. Кичине мол-лык массалуу карбон к-талары глицериддери целлюлоза эфирлеринин пластификаторлору, кээ бир чайырлар, целлюлоза эфирлеринин эриткичтери болуп саналат. Глицеро-моно-ацетат–тамак-аш ө. ж-нда эмульгатор катарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]