Глобал ЮГРАД программасы (Global UGRAD)

Википедия дан

Эл аралык студенттерди алмаштыруу Глобал ЮГРАД программасы (Global UGRAD)

Евразия жана Борбордук Азия мамлекеттерине тийиштүү болгон Эл аралык студенттерди алмашуу Глобал ЮГРАД программасы (Global UGRAD) АКШнын Мамлекеттик Департаментинин Билим Берγγ жана Маданият программаларынын бөлγмγнө таандык болуп, коммерциялык эмес Эл Аралык Изилдөө жана Адистерди Алмаштыруу Кеңеши (АЙРЕКС) аркылуу ишке ашырылып келет. Программа Армения, Азербайджан, Белоруссия, Грузия, Казахстан, Кыргызстан, Молдова, Россия Федерациясы, Таджикистан, Туркменистан, Украина жана Узбекистан өлкөлөрдө жарандыгы бар, 1-4 курстун күндүзгү бөлүмүндө окуган студенттер үчүн даража алуусуз америкалык университетинде же колледжинде бир жылдык окуу программасын окуп келүүгө мүмкүнчүлүк берет. Катышуучулар ачык конкурс түрүндө программага кабыл алынат.

Программанын алкагында каралуучу адистиктер төмөндөгүлөр:

• Бухгалтердик эсеп • Айыл чарабасы • Антропология • Биология • Бизнес • Химия • Информациялык технологиялар • Кылмыш • Экономика • Билим берүү • Инженердик иш • Жаратылыш ресурстарын башкаруу • Геология • Тейлөө жана туризм • Эл аралык байланыш • Журналистика и средства массовой информации • Юриспруденция • Физика • Политология • Психология • Социология • Шаар пландаштыруу • Американистика жана башка кесиптер да каралышы мумкун

Программанын катышуучулары:

• АКШнын университетинде же колледжинде бир жылдык окуу программасында окуп келишет. • Биринчи жарым жылдыкта коомдук/волонтердук иш алып барышат (жыйырма сааттан аз эмес). • Экинчи жарым жылдыкта кесиптештирүү менен камсыз болушат.

Программанын ишинде 1- курстун студенттери америкалык үй-бүлөдө жашап, эки жылдык колледже окушат. 2 жана 3-курстун студенттерине жатаканада орун берилип, төрт жылдык колледжде же университете окушат.


Катышуучулар программа аркылуу толук каржыланып,

• кырсыктардан жана ооруулардан медициналык камсыздандыруусу • университеттерде окутуу • J-1 визасы • Вашингтон шаарында өтγлγγчγ багыт берγγ • катышуучу өз өлкөсγндө жашаган шаардан Америкага жана АКШдан үйгө болгон жол киреси • АШКда убактылуу жашап турууга, тамактанууга, китеп сатып алууга жана жол киреге каралган стипендия жана • программанын бүтүрүүчүлөрү үчүн профессионалдык өсүү мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз болушат



Манилүү маалымат: • Катышуучулар АКШга кетер маалында (август-сентябрь 2009) 18ден 24 жашка чейин болушу керек • Катышуучулар бардык кесипттик программаларына баруу мумкүнчүлүгүнө ээ болушат • 1-3- курстун студенттери катыша алышат (Кыргызстандагы ЖОЖдын 4 жылдык окуу программасынын негизинде) • 1-4 курстун студенттери катыша алышат (Кыргызстандагы ЖОЖдын 5 жылдык окуу программасынын негизинде)

Программага тийиштγγ толугураак маалыматты Айрекс Ѳкүлчүлүгүнүн Бишкектеги офисинен төмөндөгү дарек боюнча алууга болот.


Эл Аралык Изилдөө жана Адистерди Алмаштыруу Кеңеши (Айрекс) 265а, Чуй Проспектиси, 109 каб., Бишкек Кыргызстан, 710071 Тел.: +996(312) 610811, 612342 Электрондук адрес: muskie@irex.kg Вебсайт: www.irex.kg

Материалды түзгөн жана кыргызчага которгон Жазгуль Арыкбаева, Айрекс Ѳкүлчүлүгүнүн программыалык координатору