Глоссематика
Глоссематика - (грекче glоssа – тил, sema – белги) – жалпы тил илиминдеги тилдердин структурасын формалдуу түрдө изилдөө зарылчылыгын жактаган теория. Көбүнчө Батыш Европа тил илиминде колдонулат. 20-кылымдын 30–50-жылдарында Копенгаген университетиндеги лингвистикалык топтун өкүлдөрү Л. Ельмслев, В. Брёндаль, X. Ульдалль тарабынан иштелип чыккан. Глоссематиканын тилди абстракттуулукка айландыруу, тилдердин тектештигин, тил илиминде тарыхый көз карашты тануу, эскирген грамматиканын теориясын (17-кылым) кубаттоо, тилди ойлоодон, коомдон бөлүп кароо, тил илимин математика, логика, философия илимдерине көз каранды кылуу, тилдин теориялык жагына көңүл буруу, тилди символдук логика жана семиотика менен байланыштыруу сыяктуу жоболору бар. Л. Ельмслев менен X. Ульдалль глоссематиканы бардык тилдердин жалпы дедукциялуу теориясы катары эсептешкен. Ошондуктан ага формалдуу логикалык жана математикалык теория чегиндеги мүнөз берилген. Глоссематика тилдик фактыларды анализдөөдө абстракттуулугу жана формалдуулугу менен айырмаланат. Сунуш кылынган ыкманы жана тилдин коомдук милдетинин маанисин аныктоонун максаттуулугун негиздөөдө глоссематика тилдин табияты менен коомдук маанисин жалпы теория аркылуу түшүндүргөн. Глоссематиктердин тилдин табиятын түшүнүүдөгү эң башкы методологиялык булагы Ф. де Соссюрдун лингвистикалык окуусу. Алар Ф. де Соссюрдун тил менен сөздү айырмалаган оюн бир аз өзгөртө улантып, тилди белгилердин системасы, белгини туюндуруучу менен туюнтулуучунун бирдиги, тил форма, ал субстанция эмес, ошондуктан тилде айырмачылыктардан башка эч нерсе жок, тил лингвистикалык көз караштан алганда өзүнчө жана өзүнө гана тиешелүү каралышы керек дешкен. Глоссематиктер тил менен сөздү ажыратууну «схема, норма, колдонуу, акт» деген төрт мүчөлүү катары киргизүү менен деталдаштырган. Ф. де Соссюр иштеп чыккан тил системасы деген түшүнүктү Л. Ельмслев социалдык аспектиден ажыратып, ага өтө абстракттуу жана «пмманенттүү» мүнөз берген. Глоссематиктердин тилди анализге алуунун методологиясы тил илиминин тарыхында аз да болсо оң роль ойногон. Тилдин жалпы дедукциялык теориясы катары тил илимин формалдуу логика менен айкалыштыруунун биринчи аракети катары тилдик кубулуштарды иликтөөнүн так методикасын өркүндөтүүгө таасирин тийгизген. Ошондой болсо да тилдин табиятын үйрөнүүдө глоссематиканын теориясында карама-каршылыктардын болушу, мисалы, теория тажрыйбага көз каранды болбойт деген көз карашы менен теория эксперименттердин маалыматына таянуу аркылуу жыйынтык берет деген сыяктуу жагдайлар бар. Глоссематиканы лингвистикалык иликтөөнүн жалпы методологиясы катары колдонууга мүмкүн эместиги анын көпчүлүк тилчилер тарабынан терс бааланышына алып келген. Ошондуктан бул теория тил илиминде кеңири кулач жая албады, анын айрым терминдери башка лингвистикалык концепцияларда колдонулууда.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4