Глоттогенез

Википедия дан

Глоттогенез - (грекче gоtta – тил жана ...генез) – адамдын табигый тыбыштык тилинин калыптануу процесси; тилдин келип чыгышы жөнүндөгү философиялык, психологиялык көз караштардын уландысы. Комплекстүү маселе катары лингвистикалык ыкмалардын жана адам жөнүндөгү илимдердин жардамы менен изилденет. Салыштырма-тарыхый метод тилдик топтордун баба тилинин болжолдуу формаларын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет; ал эми тарыхый типология методу аркылуу негизги тилдик категориялардын калыптануу жолдорун аныктоого болот. Антропологиялык жана ага жакын илимдердин методдору адамдын азыркы типтеги табигый тыбыштык тили болжол менен 100 миң жыл мурда пайда болгонун көрсөткөн. Глоттогенез теориясы лингвист-окумуштуулар А. Громбетти, Б. Розенкранц, антропологдор В. В. Бунак, Г. У. Хьюс, А. Либерман, палеоневролог В. И. Кечеткова тарабынан иштелип чыккан. 1984-ж. Парижде глоттогенезди изилдөө боюнча эл аралык борбор түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]