Глоттохронология

Википедия дан

Глоттохронология - (грекче glоtta – тил, chrоnos – убакыт жана ...логия) – салыштырма-тарыхый тил илиминин тилдик өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгын жана анын негизинде тектеш тилдердин бөлүнүшү менен жакындык даражасын аныктап-изилдөөчү тармагы. Жакындыкты аныктоо үчүн тектеш тилдердин түрдүү деңгээлдерин изилдеп салыштырууга да болот, бирок так сандык маалыматтар сөздүктү статистикалык изилдөө (лексика-статистика) аркылуу гана алынат. Лексика-статистикалык глоттохронология пикирлешүүдө жыш колдонулган негизги сөздөрдүн өзгөрүү ылдамдыгынын бирдейлиги жөнүндөгү божомолдун негизинде тектеш тилдердин бөлүнүү мезгилин аныктайт. Табигый тилдердин сөздүктөрүндөгү мындай негизги сөздөрдүн катарына жактама жана сурама ат атоочтор, кыймылды, физиологиялык функцияны же туюмду билгизген этиштер, өлчөм-көлөмдү, түстү көрсөтүүчү сөздөр, космос көрүнүштөрүнүн, жаныбарлардын аталыштары сыяктуу сөздөр кирет. Тилдин миң жылдык же андан ашык мезгилдеги тарыхын иликтөөдө сөздүктөрдүн 100–200 сөздөн турган жогорудагыдай негизги топторунун 80%тен ашуун бөлүгү сакталып калары аныкталган. Бир топко кирген эки тилдин негизги сөздүк тизмектеринде сакталып калган тектеш (окшош) сөздөрдүн проценттик көрсөткүчтөрүн салыштыруу менен, ал тилдердин бири-биринен бөлүнгөн убактысын аныктоого болот. Глоттохронологиянын жыйынтыктары лексикага гана тиешелүү болот; фонологиялык жана морфологиялык жактан айырмаланган тектеш диалектилери глоттохронологиянын көз карашынан алганда өз ара айырмаланбай калат. Бирок лингвистикалык сөздүктөрдө же сөздөрдүн негизги тизмелеринде байкаларлык айырмачылыкка ээ болбогону менен, фонологиялык жана морфологиялык критерийлери боюнча айырмаланган тилдер ар башка тилдер катары каралышы мүмкүн. Мисалы, исланд тили башка скандинав тилдеринен лексикалык курамы эмес, морфологиялык жана фонологиялык критерийлери боюнча айырмаланат. Демек, глоттохронология убакыттын тилдин башка деңгээлдерине эмес, сөздүгүнө канчалык таасир тийгизгенине жараша тилдердин бири-биринен бөлүнгөн мезгилин аныктоого мүмкүндүк берет. Лексика-статистикалык мезгил башка экстралингвистикалык факторлорго (мисалы, бир тилде же диалектиде сүйлөгөндөрдүн ар кайсы жакка тарап кетүүсү ж. б.) көз каранды эмес. Глоттохронология 1948–52-ж. М. Сводеш тарабынан түзүлүп, Э. Сепирдин айрым идеяларына таянган. Советтик тил илиминде глоттохронологиянын өркүндөтүлгөн ыкмасы белгилүү мезгил аралыгына тиешелүү тексттердеги сөздөрдү эмес, уңгу морфемаларды (негиздерди) эсептөө сунуш кылынган. Мындай ыкма боюнча изилдөөлөр бир кыйла тагыраак жыйынтыктарды берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]