Глутамин кислотасы

Википедия дан

Глутамин кислотасы (a-аминглутар к-тасы) – дикарбон аминк-тасы НООС-СН2-СН2-СН(NH2)-COOH; мол. масс. 147,13; түссүз кристаллдар; L-изомеринин балкып эрүү t 247-249оС (ажыроо м-н); D-изомери үчүн балкып эрүү t 313оС (ажыроо м-н); сууда, этанолдо начар эрийт, эфирде эрибейт. Хим. касиеттери б-ча Г. к. – кадимки алифаттык a-амин к-та. Ысытканда 2-пирролидон-5-карбон к-тасын же пироглутамин к-тасын, Cu жана Zn менен эрибеген туздар пайда кылат. Пептиддик байланышты түзүүдө көбүнчө a-карбоксил тобу катышат. Кээ бир учурда, мис., глутатион жаратылыш трипептидинде g-амин тобу катышат. Пептиддер синтездөөдө L-изомеринен a-NH2-тобу менен бирге g-карбоксил тобун коргошот, ал үчүн аны бензил спирти менен этерификациялашат. Г. к. g-СООН тобу белоктордо аспарагин к-тасындай эле модификацияланат. L-Г. к. бардык организмде эркин түрүндө (кан плазмасында глутамин менен бардык амин к-талардын ~1/3 бөлүгүн түзөт) жана белоктордун курамында кездешет.

L-Г.к. + NH3 + АТФ глутамин + АДФ + Н3РО4

(АТФ - аденозинтрифосфат, АДФ- аденозиндифосфат). Бул реакция жаныбар жана кишинин NH3 алмашуусунда чоң роль ойнойт. Организмде g-аминмай к-тасына чейин декарбоксилдешет, ал эми трикарбон к-талары цикли аркылуу акак к-тасына айланат. L-Г. к. - орнитин жана пролин биосинтезинин алдында жүрөт, амин к-талар биосинтезинде кайра аминдештирүүдө, ошондой эле борбордук нерв системасына К+ ионун ташууга катышат. Г. к.- коддоло турган амин к-та. L-Г. к. кето-глутар к-тасынан биосинтезделет:

NH3 + HOOC-COCH2-CH2-COOH + НАДФН L-Г. к. + НАДФ;

НАДФН жана НАДФ – тиешелүү калыбына келтирилген жана окистенген никотинамидадениндинуклеотидфосфат коферментинин формалары. Ө. ж.-да Г. к. a-кетоглутар к-тасынан микробиологиялык синтез аркылуу алынат. Г. к. мононатрий тузу эттин даамына окшош болгондуктан тамак-аш өнөр жайларда, кальций жана магний туздары психикалык жана нерв ооруларын дарылоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]