Гозо зыянкечтери

Википедия дан

Гозо зыянкечтери – пахта чарбачылыгына зыян келтирүүчү ар кандай жандыктар. Гозонун негизги зыянкечтери мите жөргөмүш, гозо бити, өсүмдүк бити, пахта жана күздүк көпөлөк, карадрин, чегиртке жана бүргөлөр, өрмөкчү кене. Зыянкечтер гозону жер бетине чыккандан баштап ал бышканга чейин жеп бүлдүрөт. Өз убагында зыянкечтерге каршы чара көрүлбөсө, гозону жеп кургатып, пахтанын түшүмүн 30–50%ке азайтат. Гозо зыянкечтерине каршы күрөшүү чаралары: гозону которуштуруп эгүү, чигитти «ууландыруу», өз убагы менен химиялык препараттарды керектүү өлчөмдө чачып туруу, пайдалуу курттарды көбөйтүп, пахта талааларына коё берүү жана отоо чөптөрдөн арылтуу ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]