Гозо илдеттери

Википедия дан

Гозо илдеттери – пахтанын түшүмүнө зыян келтирүүчү акбалек, гоммоз, тамыр каражамасы ж. б. вирустуу илдеттер. Булардын эң коркунучтуусу акбалек. Ал гозонун өсүп-өөрчүүсүн токтотуп, пахтанын түшүмүн эки же андан көп эсе төмөндөтөт. Тамыр каражамасы менен гоммоз илдеттери гозону 60–70%ке чейин зыянга учуратат. Гозо илдеттерине каршы күрөшүү үчүн илдетке туруктуу жаңы сортторду чыгаруу, которуштуруп эгүү, чигитти эгүү алдында «ууландыруу», пахта талааларына химикат чачуу сыяктуу чаралар көрүлүп, илдеттүү гозопая орулуп ташталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]