Голланд ую

Википедия дан

Голланд ую – сүт багытындагы уй породасы. Голландияда жергиликтүү уйларды узак жыл бою жакшыртуунун негизинде чыгарылган. Фрисланд, гронинген жана рейнизель деп аталган түрлөрү кийин өзүнчө үч породага айланган. Бул уй негизинен карала, өркөчүнүн бийиктиги 136 см, көкүрөк курчамы 220 см, дене уз. 168 см. Инегинин салмагы 550–600 кг, букасыныкы 900–1000 кг. Ар уйдан жылына 4500 кг, айрымдарынан 13000 кг сүт саалат. Сүтүнүн майлуулугу 3,95–4%. Бул породанын эң мыкты уйлары Голландиянын Фрисландия провинциясында болгон. Россияга 18-кылымдын башында алып келинген. Анын сүттүүлүгү ар уйдан 4225 кг, майлуулугу 4% . Голланд ую Нидерланд, АКШ, Англия, Германия, Швеция, Жаңы Зеландия, Италия ж. б. өлкөлөрдө кеңири таралган. КМШ өлкөлөрүндө холмогор, карала, тагил, бестужев, Кыргызстанда олуя ата уюн чыгарууда пайдаланылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]