Голограмма

Википедия дан

Голограмма – Объектиден чагылган нур менен ага когеренттүү башка нурдун катталышындагы интерференциялык сүрөтү жазылып алынган кандайдыр бир материал (фотопластина, фотоплёнка, фототермопластик ж. б.).

Голограмманын түрлөрү: Каттоочу чөйрөнүн калыңдыгы менен толкун узундугунун катышы б-ча: 1. Көлөмдүк (үч өлчөмдүү), эгерде чөйрөнүн калыңдыгы толкун узундугунан бир далай чоң болсо. 2. Жука (эки өлчөмдүү), эгерде чөйрөнүн калыңдыгы толкун узундугунан кичине болсо. Тунуктугу б-ча: 1. Амплитудалык, эгерде Голограмманын тунуктугунун функциясы амплитудалык интерференциялык сүрөт берсе. Мында Голограмманын түрдүү чекиттериндеги тунуктугу өзгөрүп турат, бирок чөйрөнүн калыңдыгы турактуу. 2.Фазалык, эгерде Голограмманын тунуктугунун функциясы фазалык интерференциялык сүрөт берсе. Мында тунук чөйрөнүн түрдүү чекиттериндеги калыңдыгы же тыгыздыгы өзгөрүп турат, бирок чөйрөнүн тунуктугу турактуу. Өчүрүп жазылуу касиети б-ча: 1.Турактуу (өчүрүп кайра жазылбас). Мында Голограмма сактаган маалымат өзгөрбөйт (мис., фотопластина, фотоплёнка ж. б.). 2.Өзгөрүлмө (өчүрүп кайра жазылчу). Мында Г-га маалыматтарды бир нече жолу өчүрүп кайра жаңылап жазса болот (термо-пластика ж. б.). Голограмма жазылган оптикалык схемасы б-ча: 1) Денисюктун; 2) Лейт менен Упатниекстин; 3) Фурьенин; 4) Фраунгофердин; 5) Френелдин; Голограмма сактаган маалыматтын түрү б-ча:1) Аналогдук; 2) Сандык (цифро-вая). Голограмма нын негизги касиеттери: 1.Объект жөнүндөгү амплитудалык жана фазалык маалыматтарды толук камтуусу. Фотографияда амплитудалык гана маалымат жазылат. 2.Маалыматты ашкере камтуусу, б. а. нерсенин бир чекити жөнүндөгү маалымат Голограмманын бардык чекиттеринде жазылат. Бул, сынып калган Голограмманын бир сыныгы аркылуу нерсенин толук сүрөттөлүшүн тургузууга мүмкүндүк берет. 3. Нерсенин кадимки (туура) көлөмдүк жана псевдоскопиялык (аңта-рылган) сүрөттөлүштөрүн тургузууга жөндөмдүүлүгү. 4. Көлөмдүк сүрөттөлүштү тургузуу үчүн өзүнө ылайык толкун узундукту тандап алуучулугу (селективдүүлүгү). 5. Көчүрмөлөнүүчүлүгү. 6.Нерсенин жеке эле көлөмүн калыбына келтирбестен анын түрдүү түстөрүн дагы калыбына келтирүү-чүлүгү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]