Голография

Википедия дан

Голография - (грекче holos – толук, бардыгы жана ...графия) – толкундардын дифракция жана интерференция кубулуштарынын негизинде заттардын сүрөттөлүшүн алуу ыкмасы. Бул жаңы ыкманы англиялык окумуштуу Д. Габор сунуш кылган (1948). 1962-ж. америкалык окумуштуулар Э. Лэйтс жана Ю. Упатниекс лазер нурунун жардамы менен 1-жолу сапаттуу голограмманы жазышкан. 1962-ж. орус окумуштуусу Ю. Н. Денисюк үч өлчөмдүү (көлөмдүү) голограмма жазуу ыкмасын сунуш кылды. 1969-ж. америкалык окумуштуу С. Бентон кубулма голограмманы «жылчыктуу схема» менен жазды. Бентондун кубулма голограммасын Денисюктун голограммасы сыяктуу эле ак жарык менен көрүүгө болот. Бирок мындай голограмманы жазуу схемасына ичке жылчыктын экрандан кириши, голограмманы жазуу убактысын 100–1000 эсеге узартты жана аппаратураны татаалдандырган. Ошондуктан, голограмманын кубулмалуулугун сактап, жылчыктуу экрандан кутулуу керек эле. Бул проблема өткөн кылымдын 80-жылдарына чейин чечилбеди. Кыргыз окумуштуусу А. Марипов 1986-ж. кубулма голограмманы жазуунун «жылчыксыз схемасын» сунуш кылып, теориясын жазды. Бул схемада голограмманы жазуу экспозициясы 100–1000 эсеге азайды. Кийинки изилдөөлөр, мындай голограмма кубулма касиетке гана эмес, бир эле учурда жогоруда аталган Лэйтстин, Денисюктун жана Бентондун голограммаларынын касиеттерине да ээ экендигин аныктады. Голографиялык ыкмада фотопластинкага түшкөн жана заттан чагылган когеренттүү эки толкундун интерференциясы жазылат. Бул интерферограммалык тилкелерде нерсенин ар бир чекитинен чагылган толкундардын амплитудасы жана фазасы (аралыгы), башкача айтканда толкун фронту жөнүндө маалыматтар сакталат. Фотографияда жарык толкунун амплитудасы жазылат. Ар кандай фотографиялык материалдын жарыктын ургаалдуулугун (интенсивдүүлүгүн) сезишине карабастан, толкун фазасын жазууга болот. Толкун фазасы анын фронтунун түзүлүшүн мүнөздөйт. Ал үчүн интерференция кубулушу пайдаланылат. Эгерде таяныч толкунду A1 (x, y) = A exp(ij (x, y)), ал эми заттан чагылган толкунду a (x, y) = a0 exp (ij2 (x, y)) деп алсак (мында A, a амплитудалар, фх, Ф2 фазалар), фотопластинкага жазылган интерференциянын ургаалдуулугу (интенсивдүүлүгү): 2 2 I (х, y) = Aq + a о + A i a + A a == A0 + a0 + 2A0 (x’ Уо(x’ У)-cos( j1 j2) менен туюнтулат. Бул теңдеме голография теңдемеси деп аталат жана интерференциянын жардамы менен толкун амилитудалары жана фазалары жөнүндөгү информацияны камтыйт. Мындай информацияны жазыш үчүн бир миллиметрде 2000–5000 сызыкты ажыратууда жөндөмдүү өзгөчө фотоматериал керек. Ушундай интерферограммалар жазылган фотопластинкалар тиешелүү өңүнө чыгарыч жана бекемдегич менен иштетилгенден кийин голограмма деп аталат. Эгерде голограммага A1 толкуну менен жарык берилсе, голограмма артында a толкуну пайда болот жана Б байкоочу голограмманын алдында мурдагы зат турган орунда заттын жалган З' сүрөттөлүшүн көрөт. Бул голограмманын негизги касиети деп аталат. Ал эми голограммага арт жагынан каршы багытка ошол эле таяныч A1 толкуну менен жарык түшсө, байкоочу голограмма менен өзүнүн ортосунда пайда болгон заттын чыныгы сүрөттөлүшүн көрөт. Байкоочу көргөн жалган сүрөттөлүш заттан эч айырмасы жок экендигине, ал эми чыныгы сүрөттөлүштө заттын дөмпөк жери чуңкур, тескерисинче, чуңкур жери дөмпөк болуп көрүнөрүнө күбө болот. Байкоочу мейкиндиктеги өз абалын өзгөртүп, затты ар тараптан көрүп, анын артында турган башка буюмдарды да көрө алат. Бул кубулуш оптикалык параллакс деп аталат. Колдонулуучу толкун түрүнө жараша голография төмөндөгүдөй бөлүнөт: оптикалык голография (жарык толкуну үчүн), радиоголография (радиотолкундарда), акустикалык голография (үн толкундарында), рентген жана гамма толкундары колдонулса рентген жана гамма голографиясы деп аталат. Оптикалык голография алынган сүрөттөлүштөрдүн көрүнүшүнө жана кооздугуна жараша көркөм жана кубулма голографияга бөлүнөт. Информацияларды сактоо, аларды ташуу жана кайра иштетүү проблемаларынын жаңы формасын голография кубулушу аркылуу чечилишин А. Акаев негиздеген. Ал багыт жаңы илимий багыт катары 1-жолу Кыргызстанда иштелип чыккан. Азыр голографиянын түрлөрү паспортто, күбөлүктө, акчада, кредиттик карточкада сактык белги катары, жалпысынан информациялык технология, искусство, илим, техника ж. б. тармактарда кеңири колдонулууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]