Голубев А.П.

Википедия дан

Голубев А.П. (1832-1866). Геодезист, Орто Азия аймагын иликтеген географ. Өз мезгилинде ысыккөлдүк кыргыз урууларынын арасында болуу менен бирге, кыргыздардын каада-салттары, материалдык маданияты боюнча бир катар маалыматтарды кагаз бетине түшүргөн. Кокон хандыгы тарабынан кыргыздардан жыйналычуу салыктары жана алардын түрлөрү боюнча маалыматтар берген. Эл арасынан «Кырк кыз» тууралуу уламыштын бир вариантын жазып калтырган. Өз мезгилинде А.П.Голубев Ысыккөлдүн пайда болушу жөнүндөгү эки уламышты эл оозунан жазып алган. Ал оң канат кыргыз уруулары чыгыш тарапта, ал эми сол канат кыргыздар батыш тарапта жайгашканына көңүл буруп, алар Энесайдан журт которуп келген эмес деген божомол айткан. Бул маалыматтар анын бир катар билдирүүлөрүндө чагылдырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]