Голубин (Жиндисуу) мөңгүсү

Википедия дан

Голубин (Жиндисуу) мөңгүсүКыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 5,5 км, туурасы 400–500 мден 1000 мге чейин. Аянты 9,4 км2. Аларча суусунун алабында. Кар чегинин бийиктиги 3860 м. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4420 м, этеги 3400 м бийиктикте жайгашкан. Абляция облусунун аянты 2,6 км2. Мөңгүдөн Аларча суусунун оң куймасы – Жиндисуу башталат. Мөңгү геолог Н. А. Голубиндин ысымынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]