Гольдони Карло

Википедия дан

Гольдони Карло - (25. 2. 1707, Венеция – 6. 2. 1793, Париж) – италиялык драматург, театр реформатору жана улуттук комедияны түзүүчү. Ал италян театрына реформа жүргүзүү менен реалдуу адам мүнөзүн чагылдырган драматургияны киргизип, феодалдык коомду сындаган. Анын реформасы 1748–53-ж. коюлган «Амалкөй жесир», «Катын ушак», «Эки мырзанын малайы» ж. б. комедияларында да ишке ашкан. Гольдони үй-бүлө, тиричилик темасындагы комедияларына («Жигит менен айым», «Эки жүздүү» ж. б.) жаңы драмалык форма киргизип, аны жаңы идея, жаңы улуттук мазмун менен байыткан, чыгармаларында эл массасы башкы оң каарман катары берилет. Анын реформасы көпчүлүк агартуучулар тарабынан Италияда (П. Верри, Г. Гоци ж. б.), ошондой эле чет өлкөдө да (Вольтер, Г. Е. Лессинг, И. В. Гёте) кубатталган. Ал 267 пьеса жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]