Гомер

Википедия дан
Гомер.

Гомер (англ. Homer) — Байыркы грек адабиятындагы башкы "Илиада" жана "Одиссея" аттуу эки эпикалык поэманын авторуна байыркы гректер тарабынан берилген ысым. "Илиада" Троя согушундагы окуяларды чагылдырат. Анда грек мамлекеттеринин биримдиги тарабынан Троя шаары он жыл курчоого алынганы баяндалат. Чыгарма падыша Агамемнон менен согушкер Ахиллестин ортосундагы кармаштын акыркы жылындагы бир нече аптага созулган салгылашка басым жасайт. "Одиссея" болсо Троя кулагандан кийин Итаканын падышасы Одиссейдин үйүнө болгон сапарына токтолот.

Гомер (1874).

Гомердин жашоосу тууралуу көптөгөн жазмалар байыркы классикалык доордо тараган. Эң кеңири жайылганы анын азыркы Түркиянын борбордук Анатолия жээктериндеги Иония жергесинен сокур акын болгонун белгилейт. Учурдагы илимий изилдөөлөр бул тарыхый маалыматтар тек гана уламыштар деп эсептешет.

"Илиада" менен "Одиссея" ким тарабынан, качан жана кандай шарттарда жазылган деген "Гомердик суроо" ушул күнгө чейин талаш-талкуу жаратып келет. Жалпы жонунан алганда, заманбап илимий пикир эки топко бөлүнүп кетет. Биринчи топтогулар "Илиада" менен (кээ бирине ылайык) "Одиссеянын" көпчүлүгү бир акындын интеллектуалдык эмгеги деген гипотезаны жакташат. Башка топтогулар Гомердик поэмаларды көптөгөн кишилердин салымы менен кайра-кайра иштөөнүн натыйжасында жаралган эмгек деп эсептешет. Ал эми "Гомер" жалпы тарыхый маалыматтардын арасында эң көзгө урунган жүз болуп саналат. Жалпысынан алып караганда ыр саптары биздин заманга чейин болжолдуу түрдө 8-кылымдын аягында же 7-кылымдын башында жазылган деп кабыл алынган көз караш бар. Поэмалар эпикалык грек тили катары да таанымал болгон гомердик грек тилинде жазылган. Бул тил ар кайсы кылымдардагы иониялык жана эолиялык диалекттердин өзгөчөлүктөрүнүн аралашмасынан куралган адабий тил болуп саналат; басымдуу түрдө Чыгыш Иония тили таасир эткен. Көпчүлүк изилдөөчүлөр ыр саптары алгач оозеки түрдө айтылган деп ишенишет.

Байыркы доордон ушул күнгө чейин Гомердин эпикалык чыгармалары адабият, музыка, көркөм өнөр жана тасмалардын жаралышына дем берип, Батыш цивилизациясына зор таасир тийгизген. Гомердин эпостору байыркы грек маданияты менен билим берүүсүнө эбегейсиз зор таасирие берген; Платон үчүн Гомер жөн гана "Грецияны окуткан" бир киши — en Hellada pepaideuken болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

== Чыгармалары =Илиеда=Одиссея

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]