Гоминиддер

Википедия дан

Гоминиддер (латынча hominidae – адам) – примат тукумундагы түркүм. Гоминиддерге азыркы типтеги (homo sapiens) жана археологиялык казуулардан табылган адамдар (питекантроп, неандерталь) кирет. Окумуштуулардын көбү Батыш Африкадагы австралопитек тегиндегилер ж. б. казылып алынган эки буттуу жогорку приматтарды гоминиддер тукумуна таандык деп эсептешет. Айрым изилдөөлөр архантроптордон берки азыркы типтеги адамдарды гана гоминиддерге киргизишет. Илимде гоминиддердин келип чыгышын үчүнчүлүк доордун (3,5 млн жыл чамасында) аягына жана төртүнчүлүк доордун орто ченине (1 млн жыл мурда) ыйгарган да көз караштар бар. 1970–80-жылдарда Африканын экватордук аймагында жүргүзүлгөн антропологиялык изилдөөлөр гоминиддердин чыгуу теги менен эволюциялык өнүгүү мезгилдерине көптөгөн жаңылыктарды алып келди. Австралопитек тегиндегилер мындан 4,5–1 млн жыл мурда жашаган. Илим азыркы адамдын эволюциялык өнүгүшүн негизинен 3 мезгилге бөлөт: биздин заманга чейинки 2,5 млн 400 миң жыл мурда жашаган байыркы адамдар, биздин заманга чейинки 500 миң 40 миң жыл мурда жашаган адамдар жана азыркы адамдын түпкү теги неоантроптор. Адамдын пайда болушу менен эволюциялык өнүгүшүнүн алгачкы мезгилдеринде биологиялык факторлор чечүүчү роль аткарса, акырындык менен коомдук факторлордун ролу арткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]