Гоминилер
Jump to navigation
Jump to search
Гоминилер (лат. hominidae— адам) — примат тукумундагы түркүм.
Буга азыркы замандагы жана археол. казмалардан табылган адамдар (архантроптор, палеонтроптор) кирет. Окумуштуулардын көбү австралопитектер ж. б. казылып алынган эки буттуу жогорку приматтарды Гоминилер тукумуна таандык деп эсептешет. Айрым изилдөөчүлөр архантроптордон берки «чыныгы» адамдарды гана Гоминилерге киргизишет.
Илимде Гоминилердин келип чыгышын үчүнчүлүк доордун (3,5 млн жыл чамасында) аягына жана төртүнчүлүк доордун орто ченине (1 млн жыл мурун) ыйгарган да көз караштар бар.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
![]() |
Бул биология бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |