Гоммоз

Википедия дан

Гоммоз - (фр. gomme – чайыр) – өсүмдүк илдети. Курт-кумурска менен микроорганизмдин кесепетинен, ыңгайсыз шарттан, доо кетүүдөн пайда болот. Илдетке негизинен данектүү мөмө дарактары, ошондой эле цитрус өсүмдүктөрү, тыт, гозо, кунжут чалдыгат. Илдеттүү дарактын бутак, сөңгөктөрүнөн (кээде мөмөсүнөн) килкилдек, саргыч суюктук (чайыр) агат, түшүмдүүлүгү азайып, айрым учурда дарак куурап калат. Гозо гоммозунда анын жалбырак, сабак жана чанагына майланышкан бозомтук так түшөт; жалбырагы саргайып, эрте солуйт, сабагы ичкерип, косеги чирийт. Сактануу чаралары: гозонун калдыгын жок кылуу, которуштуруп эгүү, терең айдоо, чигитти жез үч хлорфеноляты, фентиурам менен дарылоо, дарактын жараатын тазалап, жез купоросунун (көк таш) эритмесин, нигронал ж. б. сүйкөө, 1%түү бордо суюктугун чачуу, ысыктан, үшүктөн сактоо, агротехника эрежелерин туура колдонуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]