Гомогендик система
Гомогендик система - (грекче homogenеs – бирдей, бир тектүү ) – мейкиндикте бир орундан экинчисине которулганда химиялык курамы, температурасы, басымы, чыңалышы жана индукция векторлору, тыгыздыгы ж. б. физикалык касиеттери үзгүлтүксүз өзгөргөн термодинамикалык система. Ал бир тектүү жана бир тектүү эмес болуп айырмаланат. Бир тектүү гомогендик системанын түрдүү бөлүктөрүндө касиети бирдей, ал эми бир тектүү эмесинде ар түрдүү болот. Газ аралашмалары, катуу же суюк эритмелер гомогендик системанын мисалы болуп эсептелет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4