Гомология

Википедия дан

Гомология - (гомо... жана ...логия) – проекциялык геометрияда проекциялык тегиздикти өз ара бир маанилүү проекцияга өзгөртүп түзүү; мында гомология огу кыймылсыз бойдон калат. Гомологияда теңдеш өзгөртүп түзүү болуп эсептелбеген бардык тиешелүү чекиттерди туташтыруучу түз сызыктар (А жана A', В жана В') гомологиянын борбору болгон S чекитинде, ал эми тиешелүү түз сызыктар (АВ жана А'В') гомология огунда кесилишет. Эгерде S борбору гомология огунда жатпаса, анда гомология өзгөчө эмес (гиперболалык); гомология огунда жатса, анда өзгөчө (параболалык) деп аталат. Гомология адатта S борбору, огу жана дал келүүчү А, А' эки чекити менен берилет. Гомология өздүк (чектүү) борбору жана өздүк эмес (чексиз алыстатылган) огу менен берилсе гомотетия, өздүк эмес борбору жана өздүк огу менен берилсе параллель которуу болот. Тегиздикти ар кандай проекциялык өзгөртүп түзүү эки өзгөртүп түзүүнүн гомологиянын жана жылдыруунун көбөйтүндүсү болот. Гомология топологияда көптүктөрдү чектөө жөнүндөгү элестетилген көз карашты формалдаштыруу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]