Гомологиялык катар

Википедия дан

Гомологиялык катар — бир же бир нече метилен топтору СН2 менен айырмаланып, химиялык касиеттери окшош, бирдей түзүлүштөгү органикалык бирикмелердин катары. СН2тобу гомологиялык айырма деп аталат. Гомологиялык катар түшүнүгүн 1845-ж. 1-жолу франциялык химик Ш. Жерар сунуш кылган. Молекуладагы көмүртек атому n менен белгиленип, гомология катарына жалпы формула берилет. Метан СН4, этан С2Н6, пропан С3Н2 ж. б. алкандардын гомология катарынын жалпы формуласы Син2п+2. Молекуласында бирден кош байланышы бар каныкпаган углеводороддор: этилен С2Н4, пропилен С3Н6 ж. б. алкендердин (Син2п) гомология катарын түзөт. Бир негиздүү каныккан спирттердин: метанол СН30Н, этинол С2Н50Н ж. б. жалпы формуласы С Н2 +10Н.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]