Гомологиялык катарлар мыйзамы

Википедия дан

Гомологиялык катарлар мыйзамыН. И. Вавилов ачкан өсүмдүктүн жана айбанаттын жакын уруулары менен түрлөрүнүн өзгөргүчтүгүнүн паралеллдүүлүгү жөнүндө мыйзам. Ал көптөгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында генетикалык башкача атйканда теги боюнча жакын уруу менен түрлөрдүн өзгөргүчтүгү окшош гомол. катар экендигин аныктаган. Н. И. Вавилов өсүмдүктөрдүн түрлөрүн белгилүү бир тартип менен таблицага жайгаштырып, бул түрлөрдүн бардыгынан окшош катар өзгөргүчтүктү тапкан. Мисалы, жумшак жана катуу буудайда, арпада окшош формалар (кылкандуу, аз кылкандуу жана кылкансыз формалары) бар. Теги боюнча жакын уруулардагы, түрлөрдөгү катар өзгөргүчтүк алардын генотиптеринин окшоштугу жана ушуга байланыштуу тукум куугучтуктун бирдей өзгөрө тургандыгы менен түшүндүрүлгөн. Г. к. з-нун өсүмдүктөрдү өстүрүүдө, мал чарбасында мааниси зор. Ал мыйзамдын негизинде селекцияда, эгилме өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун чыгарууда, мал породаларын жакшыртууда, өсүмдүктөр менен жаныбарлар түрүнүн пайда болушундагы эволюциялык процесстерди аныктоого болот.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]