Гонсалес Диас Гало

Википедия дан

Гонсалес Диас Гало (22. 2. 1894— 8. 3. 1958) — Чили жумушчу кыймылынын ишмери.

1917—29-ж. жез кендеринде кара жумушчу, андан соң Вальпараисодо жүктөгүч болуп иштеген. 1925-ж. Чилинин транспорт жу- мушчуларынын профсоюзун уюштуруп, анын ген. катчысы болгон. 1927-ж. Чили коммунисттик партиясына (ЧКП) өткөн. 1929—30-ж. партиянын обкомунун (Вальпараисо шаарында) уюштуруу маселелери боюнча катчысы, 1930-жылдан ЧКП БКнын мүчөсү. 1930—32-ж. транспорт жумушчуларынын профсоюз федерациясын башкарып, ошол эле учурда Чилинин жумушчулар федерациясынын улуттук советинин мүчөсү. 1934—46-ж. ЧКП БКнын контролдоо-кадрлар комиссиясынын төрагасы. 1940—49-ж. ЧКП БКнын теориялык жана саясий журналы «Принсипиостун» редактору, 1946—49-ж. ЧКП БКнын уюштуруу маселелери боюнча катчысы, 1949— 58-ж. ген. катчысы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.