Горизонт

Википедия дан
Гоизонттун чыныгы жана көрүнгөн схемасы

Горизонт (грек. Ορίζοντας, англ. horizon – чектейм) – жер бетинин ачык жерден байкоочуга көрүнгөн бөлүгү.

Горизонт көрүнгөн жана чыныгы деп бөлүнөт. Көрүнгөн Горизонт асмандын горизонт менен чектелген сызыгы. Чыныгы же математикалык Горизонт – тегиздиги асма сызыкка перпендикуляр болгон асман сферасындагы чоң тегерек. Горизонттун ортосунда чыгыш жана батыш чекити жайгашкан. Түндүк, түштүк, батыш жана чыгыш чекиттери Горизонттун башкы чекиттери деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8