Горчичник

Википедия дан

Горчичник - жалган кычынын (горчицанын) күкүмү сыйпалган кагаз.

Аны колдонордо жылуу сууга малып, анан жылаңач териге же (тери сезгич болсо) кагаздын, дакинин, жука чүпүрөктүн үстүнөн коюлат. Горчичникти тери кызарганча (5-10 мин.) кармоо керек. Горчичникти алгандан кийин, териге жабышкан горчицаны жылуу суу менен жууп, этияттап аарчыйт, тери өтө кызарып кетсе вазелин сыйпоо сунуш кылынат. Үй шартында Горчичникти кургак горчицаны (балдар үчүн жарымы ун же крахмал болуу керек) жылуу сууга ботко болгончо аралаштырып, ал массаны катталган тыгыз чүпүрөккө сыйпап даярдайт. Горчичникти кол менен бек басып же бинт менен таңат.

Жогорку дем алуу жолдорунун сезгенүүсүндө Горчичник көкүрөккө (көкүрөк клеткасынын ортосуна) жана балтырга; бронхитте - көкүрөктүн бир же эки жагына тең; гипертонияда - желкеге жана башка у. с. коюлат. Түрдүү тери оорулары менен жабыркагандарга коюуга болбойт. Эмчектеги жана кичинекей балдарды Горчичникке ороп коюу ыңгайлуу. Ал үчүн чүпүрөктү горчицанын жылуу эритмесине (0,5л сууга 1 аш кашык горчица) малып, сыгып алып, ооруган жерине тез ороп, баланы шейшеп же жууркан менен жаап, 3 -10 мин. кармоо жетиштүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8