Грамматикалык бирдиктер

Википедия дан

Грамматикалык бирдиктер – жалпылаштырылган грамматикалык маңыз-маанини, касиет белгини көрсөтүүчү бирдиктер.

Булар сөз, сөз формалары, синтаксистик ар кыл конструкциялар (сөз айкаштары, аналитикалык тизмектер, жөнөкөй сүйлөмдөр, ар кыл түрмөктөр, татаал сүйлөмдөр, айтымдар). Мындан сырткары таза грамматикалык маанини билдирүүчү көмөкчү морфемалар, кызматчы сөздөр (байламта, жандооч, бөлүкчө), аналитикалык формалар. Бул грамматикалык бирдиктер грамматикалык структурада өзара иерархиялык байланышта болуу менен, эки түрдүү катыштык касиеттери аркылуу бири-бирине карама-каршы коюлат: 1. синтагматикалык; 2. парадигматикалык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4