Грамматикалык форма

Википедия дан

Грамматикалык форма - тилдеги категориялык маанилердин атайын формалар же сөздөр менен туюндурулушу.

Мисалы, "китеп" десек аталган заттын жалгыз экендигин түшүнөбүз, "китептер" десек анын бирден көп экендигин туюнабыз. Кыргыз тилинде зат атоочтун көптүк формасы сандын канча экендигин так атабайт, бирок анын көп экендигин туюндурат. Заттын так саны аталганда, анын категориялык морфемасы колдонулбайт. М.: китеп-китептер-10 китеп.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4