Граммема

Википедия дан

Граммема – жалпыланган маанидеги грамматикалык категориянын структурасынын майда элементтери.

Мисалы, зат атоочтун сан категориясы – анын жалпыланган маанидеги грамматикалык категорияларынын бири. Ал эми жекелик сан, көптүк сан ошол жалпыланган сан категориясынын майда бөлүктөрү, б.а., граммемалар болуп эсептелинет. Ошондой эле, этиштин жалпыланган жак категориясынын компоненттери болуп эсептелген 1-жак, 2-жак, 3-жак анын граммемалары.

Граммема грамматикалык категориянын структурасынын ичинде грамматикалык категорияны бир система катары түзүүчү бири-бирине карама-каршы турган грамматикалык формалардын катарларынын бири болуп саналат. Мис., өз ара бири-бирине карама каршы турган учур чак, келер чак, өткөн чактын формаларынын катарлары этиштин грамматикалык чак категориясынын структурасын түзөт. Ошондой эле көрдү деген сөз формасында III жактык маани, көрдүм дегенде I жактык, көрдүң, көрдүңүз дегендерде II жактык маани бар. Булар мындай грамматикалык маанилери боюнча бири-биринен айырмаланса да, алар жалпысынан бир топко - жактык маанилерге биригип, грамматикалык жак категориясын түзүшөт. Граммеманын негизги структуралык түрүн грамматикалык категориянын мүчөлөрүнүн биринин мааниси менен биригишкен бир нече грамматикалык форма түзөт. Мындай түрдөгү Граммема аркылуу морфологиялык категориялар уюшулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4