Грамм-эквивалент

Википедия дан

Грамм-эквивалент — элемент же бирикменин массасын грамм менен туюнтканда сан жагынан алардын экви-валенттик массасына барабар сан. Хим. элементтин Г.-э. анын грамм-атомунун валенттүүлүгүнө болгон катышы. Мис., эки валенттүү темир Г.-э. 55,85:2= =27,93 г, үч валенттүүнүкү 55,85:3=18,62 г. Кислоталар Г.-э. — курамындагы суутектин бир Г.-э. металл менен орун алмашып туздарды пайда кылган заттын сандык мааниси аталат. Ал к-талар грамм-молунун негиздүүлүгүнө болгон катышына барабар. Бир Г.-э. ОН- тобун кармап турган негиз сандык мааниси негиз Г.-э. болот. Анын мааниси грамм-молекуласын кислоталуулугуна бөлүүдөн алынган санга барабар. Бир Г.-э. к-танын бир Г.-э. негиз менен аракеттенишүүсүнөн алынган туздар сандык мааниси туздар Г.-э. болот. Туздар грамм-молекуласын металл саны менен металл валенттүүлүгүнүн көбөйтүндүсүнө болгон катышынан туздардын Г.-э. табылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]