Граната

Википедия дан

Граната (лат. granatus — бүдүрлүү) — душмандын аскерин жана техникасын зыяндатууга арналган согуш куралдарынын бир түрү.

Ал артиллериялык куралдан атылат же граната ыргыткыч жана кол менен ыргытылат да, душманды жарылуудан пайда болуучу темир сыныкчалары, толкун күчү менен зыянга учуратат. Граната металл корпустан, жарылуучу заттан жана дүрмөттөн турат. Ал аракети боюнча согуп талкалоочу, тоскоолдукка тийгенде же_абада жарылуучу болуп бөлүнөт. Азыркы кездеги кол менен ыргытма Граната (массасы 0,3—1,2 вг) жарылганда 3 миңге жакын сыныктар чачырап, 5—200 м радиуста зыян келтирет. Кол менен ыргытма Гранатанын жөө аскерге, танкага каршы, химиялык, түтүн чыгарма, өчыгарма түрлөрү бар. Артиллериялык Гранаталар темир сыныктарын пайда кылуучу жана броняны тешүүчү болуп бөлүнөт. Айрымдары 300—400 мм те чейинки броняларды теше алат[1].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
  1. Армия качан гранатаны пайда болгон?