Гранулдоо

Википедия дан

Гранулдоо (лат. granulum — бүртүкчө) — затты майда күкүм-бүртүккө келтирүү.

Гранулдоо заттын технол. касиетке жакшыртуу, батташтырбоо, материалды аз-аздан пайдалануу, жүктөө менен ташууну жеңилдетүү ж. б. максат үчүн колдонулат. Ал химиялык өнөр жайынын айрыж тармагында, металлургия, энергетикада жана айыл чарбасында пайдаланылат. Химиялык өнөр жайда жер семирткичтер (суперфосфат, аммиак селитрасы ж. б.) жана пластика массасын гранулдап чыгарылат. Металлургияда эритменин суюк продукту шлак андан ары жол курулушунда пайдалануу,бетон, цемент, ж.б. өндүрүү үчүн гранулданылат. Айыл чарбада гранул тоют жана гранул семирткичтерин даярдоо Гранулдоо менен жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.