Гранулометриялык курам

Википедия дан

Гранулометриялык курам - тоо тегинин, топурактын жана жасалма продуктунун курамында ар түрдүү бүртүктөрдүн болушу жана массага карата процент менен туюнтулушу же изилденген үлгүдөгү бүртүктөрдүн саны.

Гранулометриялык курам табигый жана жасалма материалдардын физикалык касиети менен структурасынын негизги көрсөткүчү. Гранулометриялык состав изилдөө максатына жараша ар кандай тактыкта аныкталышы мүмкүн.

Геологияда, топурак таанууда жана техникада Гранулометриялык курамды аныктоонун өзүнчө класстарга бөлүнүшү жана гранулометриялык бүртүктөрдүн аттары белгиленген.

Мисалы, чокмо тоо тегинде төмөнкүдөй бөлүнөт: абдан чоң кой таш 500 мм, орточосу 500— 250 мм, кичирээги 250—100 мм, шагыл 100—10 мм, талкаланган майда таш (галька) 10—5 мм, эң майда таш (гравий) 5—2 мм, кесек кум 2—1 мм, орточо кесектиктеги кум 0,5—0,25 мм, майда кум 0,25—0,10 мм, алеврит 0,10—0,5 мм, чац 0,05—0,005 мм. Гранулометриялык курам гранулометриялык анализ менен аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.