Греков, Митрофан Борисович

Википедия дан

Греков, Митрофан Борисович (1911-жылга чейин Мартыщенко Митрофан Павлович; 1882–1934) – сов. живописчиси, баталист. Одесса сүрөтчүлөр окуу жайында (1898–1903), кийин Петербург сүрөт академиясында (1903–11) окуган. Советтик баталдык живопистин баштоочусу. Граждандык согуштун (1918–20) реалдуу окуяларына алгачкылардан болуп кайрылган. Чыгармаларында 1–Атчандар армиясынын даңктуу жолу жана Совет бийлиги үчүн күрөшкөн элдин образы чагылдырылган: “Будённыйдын отрядына” (1923), “Тачанка” (1925), “Биринчи атчандар армиясынын сурнайчылары” (1934) жана башка (баары Третьяков галереясында). 1935-ж. түзүлгөн Аскер сүрөтчүлөрүнүн студиясы Г-дун ысымында.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]