Грибов, Алексей Николаевич

Википедия дан
Грибов, Алексей Николаевич
Кесиби:

актёр

IMDb:

ID 0340822

Грибов Алексей Николаевич (18 (31). 1. 1902, Москва — 26.11.1977) — орус совет актеру, СССР эл арт. (1948).

Социалисттик Эмгек Баатыры (1973). 1944-жылдан КПСС мүчөсү. 1924-жылдан МХАТтын актёру.

Ролдору; Лёвшин, Достигаев, Лука (М. Горький, «Душмандар», «Достигаев жана башкалар», «Түпкүрдө»), Глоба (К. Симонов, «Орус адамдары»), Чеоутыкин, Епиходов, Фирс (А. Чехов, «Эже-сиңди», «Алчалуу бак»), Собакевич (Н. Гоголь, «Өлүү жандар»), Фома (М. Достоевский, «Степанчиков кыштагы») ж. б.

Ал түзгөн образдар курч мүнөздүүлүгү, сатиралык өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Н. Погодиндин «Кремль куранттарында» В. И. Лениндин образын түзгөн. Грибов киноактер катары да белгилүу: Атасы (А. Чехов, «Үйлөнүү тою»), Нехода («Ажырашпас достор») ж. б. СССР мамлекеттик сыйл. (1942, 1946, 1951, 1952) лауреаты.

Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.