Грин, Томас Хилл

Википедия дан
Грин, Томас Хилл (Thomas Hill Green).

Грин, Томас Хилл (Thomas Hill Green) (1836–1882) – англиялык философ-идеалист, неогегельянчылыктын өкүлү. Немис классикалык идеализмдин, өзгөчө Гегелдик философиянын таасири астында Улуу Британияда үстөмдүк кылып турган (Дж. Миль, Спенсер) позитивизмге каршы чыгып, абсолюттук идеализмдин философиясына бурулууга чакырган. Грин этикада эрктин эркиндигин жактап, утилитаризмге каршы чыккан. Коомдун прогрессин Грин адамдардын жеке аң-сезиминин прогрессине алып такаган. Анын эмгектери өзү өлгөндөн кийин жарыяланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]