Группа

Википедия дан

Группа (топ) -

1) элдердин бирикмеси, анын негизинде жалпы кызыкчылык, максат жатат. Эң байыркы аныктама Аристотелге тиешелүү.

Достук мамиле, туугандык, анын кызыкчылыгы бир деп билет:

  • 1. Батышта, социалдык, баштапкы биригүү;
  • 2. аймактык, өндүрүштүк, конфессионалдык;
  • 3. микротоптор.

Группанын архаикалык формасына - диада, триада кирет (2-3 адам). Бул жарым феодалдык, патриархалдык коомго мүнөздүү. Батышта адамдар ишмердүүлүгүнө жараша да бөлүнөт: экономикалык, саясий, маданий. Уюшулушуна жараша: уюшулган, уюшулбаган жана структуралаштырылган - структурасы жок ж.б. Саясат таанууда Группа - социалдык структуранын элементи, күчтүү саясий окуяларга таасир бере алган субъекттер. Өзүнүн экономикалык, саясий кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн күрөшкөн, мамлекеттик структурасы кирбеген субъекттердин тобу Группа деп аталат. Эгерде Группа бийлик органдарын өз чечимин аткарууга мажбурласа, анда ал «басым көрсөтүү группасына» айланат;

2) формалдуу, формалдуу эмес өзүнчө санкцияланган максаты, нормасы, - ишмердүүлүк эрежелери жок топтордун категориялары. Формалдуу категорияга - лидерди шайлоо, ж.б. нормативдүү документтерде, инструкцияларда бекемделген, тартиптүү топтор кирет. Ал эми формалдуу эмес Группа - кичинекей, институтташылбаган топтор кирет, жеке кызыкчылык, мүчөлөрүнүн керектөөлөрүнө, мамилелерине негизделет. Чет өлкөлөрдө формалдуу Группа изилдөөлөр ар тараптан жүргүзүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8