Губка Боб төрт бурчтуу шымчан

Википедия дан

"ГубкаБоб Чарчы шымдар" (англ. SpongeBob SquarePants) - Nickelodeon каналы үчүн деңиз биологу жана аниматор Стефен Хилленбург жараткан америкалык анимацияланган телесериал. Сериалда ойдон чыгарылган Бикини Боттом деп аталган шаарда жашаган баш каармандын жана анын досторунун жоруктары менен аракеттери чагылдырылат. Сериалдын популярдуулугу анын башка чыгарылыштарын тартууга себепкер болгон жана ал Nickelodeon каналында көрсөтүлгөн эң жогорку көрсөткүчкө ээ болгон сериал аталган. Ошондой эле "ГубкаБоб" MTV Networks эң көп жайылткан тасма. 2015-жылы медия Nickelodeonго таратуу иштерин аткаргандыгы үчүн 12 миллиард доллар киреше тапкан.

ГубкаБоб.

Тасмадагы көптөгөн окуялар Хилленбург 1989-жылы жазган "Ички агым бөлүмү" (англ. The Intertidal Zone) аттуу басылып чыкпаган билим берүүчү, комедиялуу китепке негизделген. Ал "Рокконун заманбап жашоосу" (англ. Rocko's Modern Life) мультфильмин тартуу иштерин токтотуп, 1996-жылы "ГубкаБоб төрт бурчтуу ыштанчан" телесериалын тартуу иштерин баштаган. Ошондой эле ал мурунку сериалда биргеликте иштешкен Том Кенниге кайрылып, башкы каармандын үнүн коштоого чакырган. "ГубкаБобго" башында "ГубкаБала" деген ат берилгени жаткан жана сериалдын "ГубкаБала Салам!" деп аталуусу пландалып жаткан . Бирок бул эки ат тең колдонулгандыгы үчүн, экөө тең өзгөртүлгөн.

Сериал ар түрдүү сыйлыктарга ээ болгон. Алардын ичинде алты "Annie Awards", сегиз "Golden Reel Awards", эки "Emmy Awards", он эки " Kids' Choice Awards" жана эки "BAFTA балдар сыйлыгы" аттуу сыйлыктардын жеңүүчүсү. Анын дүйнөлүк популярдуулугуна карабастан, коомчулукта ГубкаБобдун сексуалдык ориентациясы тууралуу карама-каршы ойлор жаралган. 2011-жылы пайда болгон, Спонжиформа Скуарепантси аттуу козу карындын жаңы түрлөрүнө мультфильмдеги баш каармандын ысмы берилген.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эпизоддор тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Animation-stubКалып:TV-stub