Гулиа Дмитрий Иосифович
Көрүнүш
Гулиа Дмитрий Иосифович (9(21), 2. 1874 - 7. 4. 1960) - абхаз совет жазуучусу, Абхазия эл акыны (1937).
Биография
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Горидеги мугалимдер семинариясынан окуган.
- 1892-жылы К. П. Мачавариани менен бирге абхаз алиппесин түзгөн.
- Алгачкы ырлар жыйнагы 1912-жылы жарыяланган.
- 1921жылы биринчи абхаз театр труппасын уюштуруп, ага жетекчилик кылат.
- Туңгуч абхаз газетасынын («Абхазия») редактору.
- Гулианын чыгармачылыгы совет мезгилинде өөрчүдү.
- Көпчүлүк ырлары Компартияга, Ленинге арналган.
«Камачич» (1940) романында падышалык учурундагы абхаздардын оор турмушун, аялдардын кайгылуу тагдырын көрсөтөт.
Гулиа - абхаз этнографиясы, тарыхы, тили боюнча эмгектердин жана хрестоматия, окуу китептердин автору. СССР Жогорку Советине (4-5-шайл.) депутат.
Ленин ордени менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9