Гулнура Торалиева

Википедия дан

Гүлнура Төралиева – Data Lab компаниясынын жетекчиси, медиа эксперт, меценат, филология илимдеринин кандидаты, Борбор Азиядагы Америка университетинин журналистика факультетинин улук окутуучусу, City University London окуу жайынын магистри.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гүлнура Төралиева  2006-жылы Кыргыз-Орус Славян Университетинин Эл аралык мамилелер факультетин “Эл аралык журналистика” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. Төрт жылдан кийин Лондондогу City University London университетин (Улуу Британия) бүтүргөн (2010-жылы). 2013-жылы Орусия Федерациясынын Илимдер Академиясында филология илимдеринин кандидаты даражасын алган. Ал эми 2021-жылы IE Business School мектебинде Executive MBA IE аяктаган (Испания, Мадрид).

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Учурда Гүлнура Төралиева кирешелүүлүктү көбөйтүү үчүн маалыматтардын негизинде бизнес чечимдеринин сапатын жогорулатуу менен алектенген Data Lab компаниясынын директору болуп иштейт.

Маалыматтарды талдоо, коомчулук менен байланыш (PR), маркетинг жана сатуу, ошондой эле адам ресурстарын башкаруу (HR) чөйрөсүндө эл аралык консультант (Борбор Азия, Түштүк Азия, Кавказ, Орусия, Украина, Молдова).

Бизнес трекер, лидерлик, ишкердик, байланыш, жеке өсүү боюнча машыктыруучу жана насаатчы.

Бизнес-компаниялары, эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар, өкмөттүк эмес уюмдар үчүн стратегиялык өнүгүү, PR, маркетинг, лидерлик, маалыматтарды чогултуу, талдоо, чечмелөө, санариптик стратегиялар ж.б. боюнча тренингдерди өткөрүүдө 15 жылдык тажрыйбасы бар тренер (жылына 300 тренинг өткөрөт).

Эмгек жолун 2003-жылы Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунда серепчи катары баштаган.

2006-2008-жылдары Коомдук саясат институтунун программалар боюнча директору жана Бишкек пресс-клубунун жетекчиси болуп иштеген. Андан кийин BBC Дүйнөлүк фондунун программаларынын аймактык директору болгон (2008-2009-ж.ж.).

2010-2012-жылдары Борбор Азиядагы Америка университетинин Журналистика жана массалык коммуникациялар факультетин жетектеген. 2012-2016-жылдары – Борбор Азиядагы Америка университетинде “Журналистика жана массалык коммуникациялар” багыты боюнча ага окутуучу болгон.

2013-2014-жылдар аралыгында мамлекеттик кызматкерлердин стратегиялык коммуникациялар чөйрөсүндөгү дараметин жогорулатуунун үстүнөн иштеген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин коомчулук менен байланыш жана коммуникациялар боюнча консультанты болуп иштеген. Андан кийин дагы бир жыл КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болгон. 2015-жылы ЕККУнун Академиясын директордун милдетин аткаруучу катары жетектеген. Акыркы бир нече жылда Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын, USAIDдин, БУУӨПтүн ж.б. стратегиялык коммуникациялар боюнча эл аралык консультанты болуп иштеген.

Ал эми 2017-2018-жылдары өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси жана премьер-министрдин кеңешчиси болгон.

500дөн ашык илимий жана публицистикалык басылмалардын, анын ичинде журналистика жана коомчулук менен байланыш боюнча окуу китептеринин автору.

Үй-бүлөлүк абалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү, Артур жана Алан аттуу эки баланын энеси.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Спутник.Төралиева Гүлнура Тынчтыкбековна — өмүр баяны //https://ru.sputnik.kg/20171016/biografiya-gulnury-toralievoj-1035807088.html
  • Кабарлар. Выпускница Лондонского университета стала советницей Сапара Исакова (биография). //https://kabarlar.org/news/94468-sapar-isakov-naznachil-toralievu-gulnuru-novym-sovetnikom-biografiya.html
  • Султан Досалиев. Гульнура Торалиева вновь возглавила пресс-службу правительства.//https://ru.sputnik.kg/20170829/toralieva-vozglavila-press-sluzhbu-kabmina-1034934553.html
  • Кто есть кто. Гульнура Торалиева.//https://who.ca-news.org/people:15919
  • Альянс. По секрету. //https://youtu.be/lh3FFVyEHQg
  • TEDxTalks.Успеть все?Можно!//https://youtu.be/M8vNg5AyUa4