Гуманизм

Википедия дан

Гуманизм (лат. humanus – адамгерчилик) – тарыхый жактан өзгөрүп турган көз караштардын системасы. Адам өз татыгын сактоого, эркиндикке, бакты-таалайга, өз жөндөмүн өрчүтүүгө акылуу; социалдык институттардын баасы адамдын жыргалчылыгы, теңчилик, адилеттик, адамгерчилик жаатын камсыз кылгандык менен ченелет.

Алгачкы Гуманизм идеясы элдердин эзүүчүлөргө каршы күрөшүндө келип чыгып, кыймыл катары кайра жаралуу доорунда (15–16-к.) калыпка салынган. Гуманисттер (Петрарка, Данте, Бруно, Шекспир ж. б.) адамдын жыргал турмушка болгон укугун даңазалашканы менен элдин революциялык кыймылынан жана мүдөөлөрүнөн алыс турушкан, элди эзүүдөн бошотуу маселесин күн тартибине кое алышпаган. Утопист- социалисттер (Оуэн, Сен-симон, Фурье) элдин бардык катмарынын мүдөөсүн жактоого умтулушканы менен коомдун өнүгүү мыйзам ченемин билишкен эмес.

Гуманизм марксизм-ленинизм тарабынан кайра каралып, толукталып, материалдык негизге ээ болгону менен социалисттик коом да, Гуманизмдин эң жогорку тиби экендигин ырастай албады. Адамдардын текши өнүгүшүнө бардык шарттар демократиялык коомдо түзүлөөрү улам байкалууда.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8