Гумбольдт, Вильгельм

Википедия дан
Вильгельм Гумбольдт.

Гумбольдт, Вильгельм (нем. Friedrich Wilhelm Christian Karl Ferdinand Freiherr von Humboldt (1767–1835) – немис философу, тилчи, мамлекеттик ишмер. Анын негизги эмгектери – «мамлекеттик ишмердиктин чеги жөнүндө» (1792), «Гетанын Герман ж-а Доротей эпосуна обзор» (1799), «Тарыхчынын милдети жөнүндө» (1821), «Ява аралындагы кави тили жөнүндө» (1836–39). Канттын философиялык окуусун кабыл алганы менен Гумбольдт аны коомдук тарыхтын материалында конкреттештирип жатып, объективдүү материализм жагына оогон. Гумбольдтун ою боюнча, дүйнөлүк тарых рухий күчтүн натыйжасы болуп саналат. Гумбольдт немец буржуазиясынын либералдык бутагынын өкүлү. Анын феодализмге каршы көз карашы Германияны бириктирүү идеясынан ары чыга алган эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]