Гун-би

Википедия дан

Гун-би (сөзмө-сөз «чебер кыл калем») – кытай улуттук живописинде кеңири тараган стиль. Өтө жука, чоң чебердик менен тартылган контур, ачык түстөгү паста сымал боёктор менен айкалышат. Г.-б. үчүн деталдарды тартууда тактык жана дааналык мүнөздүү. Контур менен чийилген түстөрдүн чеги фигуралар менен предметтерди сүрөттө жалпак, ал эми бүт картинаны жасалгалуу (декорациялык) кылып көрсөтөт. Г.-б. өзүнүн ачык түстүүлүгү жана жасалгалуулугу менен чыгыш миниатюрасын элестет. Г.-б. стили көбүнчө жанрдык живописте колдонулган. Бирок кээ бир учурда сүрөтчүлөр бул стилди «Куштардын жана гүлдөрдүн живописи» деп аталган пейзаждарда пайдаланышкан. Г.-б. живописинин негиз салуучусу болуп сүрөтчү Ли Сы-сюнь эсептелет (VII-YIII кылымдын баш­та­лышы), андан кийин бул стилде Чжао Бозцю (XI к.), Су Хан-чень (XII к.), Вонь Чжэнь-пен (XIV к.) Чоу Ин (XVI к.) жана башка Мин жана Цин доорлорунун сүрөтчүлөрү иштешкен. Азыркы учурда бул стиль Гохуа живописине кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]