Гурамишвили, Давид

Википедия дан

Гурамишвили Давид [1705—21. 7(1. 8). 1792] — грузин поэзиясынын классиктеринин бири, «Давитиани» (1787) аттуу атактуу автобиогр. ырлар жыйнагынын автору.

Гурамишвилинин чыгармалыгы орус маданиятынын таасиринде калыптанган. Ал «Грузия кайгысы» поэмасында 18-кылымдын 1-жарымындагы грузин элинин тарыхындагы трагедияны көрсөткөн. «Бадачы Кацвия» поэмасы тематикасынын жаңылыгы, юмордук сезиминин күчтүүлүгү, баяндоонун жандуулугу менен айырмаланат.

Гурамишвилинин чебер жазылган лирикалык ырлары грузин элине кеңири тараган. 1949-ж. акындын Миргороддогу (Украина) мүрзөсунө эстелик тургузулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.