Гурия княздыгы

Википедия дан

Гурия княздыгы — Батыш Грузиядагы (Гурийдеги) феодализмдин бытырандылык мезгилиндега княздык; ал 14-кылымда пайда болгон; 16-кылымда саясий жактан көз карандысыздыкка жетишкен.

Гурия княздыгынын бийлигине Ажария да кирген. Грузин феодалдарынын дайыма ич ара тартышы жана Осмон империясы менен болгон оор күрөш Гурия княздыгынын кулашына алып келген.

Гурия княздыгы автономия болуп Орусияга 1811-ж. кошулган. 1828-ж. Гурия княздыгынын автономиясы жоюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.