Гур-Эмир

Википедия дан

Гур-эмир (Эмир көрү) — 15-кылымдын башында Самарканда курулган күмбөз, феод, доордогу Орто Азия архитектурасынын эң сонун эстеликтеринен.

Тимурдун буйругу боюнча 1404—05-ж. Мухаммед-Султандын архитектуралык комплексине кошулуп салынган.

Гур-эмирдин архитектуралык формалары бири бирине шайкеш, санжыргалуу, салабаттуу жана кооз. Гур-эмир Улугбектин тушунда (1420-ж.) кеңейтилген; 1967-ж. кайра оңдолуп баштапкы калыбына келтирилген.

Мында Тимур, Улугбек жана алардын неберелери коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.