Гусев Владимир Иванович

Википедия дан

Гусев Владимир Иванович (1948, Кемин району, Быстровка айылы) - композитор. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2000).

1955-ж. П. Шубин атындагы музыкалык мектепте баян классында окуган. Кыргыз мамлекеттик Күрөңкеев атындагы Муз окуу жайында окуусун улантып, композициядан композитор А. Жаныбековдон, 1968-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун композиция классында окуган. Эки жылдан кийин Ленинград консерваториясына кирет.

Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинде редактор, Кыргыз филармониясында көркөм жетекчи болуп иштеген. Композиторлор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. «Атанын тагдыры» oпeрасын, «Диалог» рок-операсын, «Лже-Нерон» балетин, «Жерге тынчтык» рок-ораториясын, үч бөлүмдүү симфонияны, ондогон камералык - аспаптык, вокалдык чыгармаларды, спектаклдер, цирк үчүн музыкаларды жазган.

Композитордун чыгармачылыгынын башкы темасы согуш жана тынчтыкка арналган.

Ал кыргыз, орус элдик музыкаларын чыгармаларына чеберчиликте айкалыштыра пайдаланган. Ошону менен бирге коомдогу музыкалык агымга жараша жаңы багыттагы жаз, бита, дисконун ыргактарын пайдаланууга аракеттенген изденүүлөрү байкалат. Ардак грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.