Ян Гус

Википедия дан
Гусс Ян‎»‎ барагынан багытталды)

Ян Гус (1371—1415) — чех элинин улуттук баатыры, Реформациянын көрүнүктүү ишмери.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дыйкан үй-бүлөөсүнөн. 1393-ж. Прагадагы Карлов университетин бүткөн. 1401—02-ж. эркин өнөрлөр факультететинин деканы, 1402—04- жана 1409—10-ж. ректору.

Гусс немистердин жана католик чиркөөсүнүн зомбулугуна каршы Чехиядагы эл кыймылынын идеологу болгон.

Чех тилинде сүйлөгөн сөздөрүндө католик динчилдеринин кыянатчылыгын, моралдык жактап кедери кеткенин ашкерелеп, адепки христиан дининин принциптерине кайтуу, жөнөкөй адамдар менен дин кызматкерлеринин укугун теңөө талабын койгон. 1409-жылдан католик чиркөөсү менен чырчатагы ырбап, Гусс Констанц соборунун сотуна чакырылган. Император Сигизмунд I нин Гусскка кол тийгизбөө жөнүндөгу грамотасына карабай Гусс кармалган.

Анын тирүүлөй өрттөлүшү гусчулардын революячыл кыймылын баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.