Гусчулардын революциялык кыймылы

Википедия дан

Гусчулардын революциялык кыймылы (1419-1437) — феодалдык эзүүгө, католик чиркөөсүнө, немис үстөмдүгүнө каршы чех элинин улуттук-боштондук күрөшү (согушу).

Бул кыймылдын чыгышына чех дыйкандарынын феодалдык жана диний эзүүдөн тукул журашы, католик динчил төбөлдөрүнүн паракорлугу, немис үстөмдүгүнүн күчөшү, шaap кедейлеринин жакырданышы ж. б. себеп болгон.

1415-ж. Ян Густун өрттөлүшү гусчулар кыймылынын чыгышына түрткү берип, элдин кыжырдануусун ого бетер күчөткөн. 1419-ж. 30-июлда гусчулардын Прагада немис католиктери менен кагылышы Ян Желивский баштаган массалык көтөрүлүшкө айланып, алар шаарды алышкан.

Гусчулардын революциялык кыймылы ушундан улам чыккан. 1419-ж. августтан (Вацлав IV өлгөндөн кийин) Чехияны улуттук-боштондук кыймылдын душманы, Германия императору Сигизмунд I сурай баштаган. Гусчулар ич ара эки топко — ортозаарлар (чашниктер) менен радикалдарга (табориттер) бөлүнгөн. Чашниктерге бай кол өнөрчүлөр, майда дворяндар менен рыцарлардын, дин кызматкерлеринин бир бөлүгү кирген.

Алар немис феодалдарынын үстөмдүгүн жоюуну, чиркөөгө реформа жүргүзүүнү, анын жерин алууну жана Чехияда улуттук чиркөөнү түзүүнү көздөгөн. Таборитерге дыйкандар, шаардык плебстер, дин кызматкерлеринин жардылары, майда дворяндардын бир бөлүгү, кол өнөрчүлөр кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюст. -608 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.