Гуттузо, Ренато

Википедия дан
Гуттузо

Гуттузо Ренато (2. 1. 1912-ж. т., Багерия, Сицилия) — италиялык сүрөтчү, коомдук ишмер, тынчтык үчүн активдүү күрөшүүчү.

Азыркы Италия искусствосунда социалдык-реалисттик багыттын башчысы. 1940-жылдан компартиянын, 1956-жылдан ИКП БКнын мүчөсү. 1963-жылдан «Италия—СССР» коомунун Президенттик советине мүчө. «Элдер ортосунда тынчтыкты чыңдагандыгы үчүн» Эл аралык Лениндик сыйлык боюнча комитетинин мүчөсү, ошол эле сыйлыктын лауреаты (1973).

Рим сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1960). СССР сүрөт академиясынын ардактуу мүчөсү (1962). Рим сүрөт академиясында окутан.

Чыгармачылыгы 40-жылдардын аягьшда кескин өөрчүй баштайт. 19—20-кылымда- гы европ. айрым корком агымдардын салттарын өздөштүрүп, азыркы учурдун маанилүү коомдук маселелерин козгогон реалисттик искусство жаратууга умтулат. 50—60-жылдарда капит.

Италиядагы турмуштун көп түрдүүлүгүн, трагедиялуулугун, каршылыктарын, жөнөкөй адамдардыи жакырчылыгын, эзилгенин, жакшы жашоо үчүн күрөшкөнүн чагылдырган сүрөттөр тарткан.

Буга «Пляж» (1955), «Спагетти жеген адам» (1956), «Тал- куу» (1959), «Топ адам» (I960) ж. б сүрөттөрү мисал. Гуттузо пейзаждык сүрөттөрдүн да устаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюст. -608 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Библиоинформация